Биз менен байланышыңыз

Азербайжан Европага газ жеткирүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Ноя 2020 | 278 | 0

Азербайжандан Евробиримдикке кирген мамлекеттерге газ жеткирип берүү үчүн курулган «Трансадриатика» түтүгү коммерциялык пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аталган долбоордун сайтында жазылат.

«Грецияда газ түтүгүн улоо башталгандан 4 жыл өткөн соң, көгүлтүр отту жекирүү боюнча аракеттер коммерциялык баскычка өттү», — деп айтылат маалыматта.

Европалык колдонуучулар ушул газ түтүгү аркылуу жыл соңуна чейин көгүлтүр от алып турмакчы. «Трансадриатика» Европа мамлекеттерине газ жеткирип берүү үчүн кызмат кылат.

Узундугу 878 километр болгон көгүлтүр от ташуучу түтүктөр Греция, Албания, Адриатика деңизи жана Италияны кесип өткөн.

40 млрд долларга бааланган долбоордун акционерлери Британиянын «ВР», Азербайжандын «SOCAR», Италиянын «Snam», Белгиянын «Fluxys» (19%), Испаниянын «Enagas», Швейцариянын «Swis Axpo» компаниялары болуп эсептелет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM