Биз менен байланышыңыз

Нурсултан Кубанов Бишкек мэринин кеңешчиси болуп дайындалды

Кыска кабар | 16 Ноя 2020 | 440 | 0

«Perspective» эл аралык тил борборунун негиздөөчүсү Нурсултан Кубанов Бишкек шаарынын мэринин билим берүү тармагындагы коомдук кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал жарандардан мектептердин билим берүү сапатын жакшыртуу боюнча сунуш күтөрүн айтты.

«Бишкек шаарынын мэринин билим берүү тармагындагы коомдук кеңешчиси болуп дайындалганым чын. Иш жүзүндө билим берүү тармагында жакшы аракеттерди кылабыз. Силерге маалымат берип турам. Көп сөз жазбай, иш менен алектенели. Балбак Зарлыкович менен иштешкениме сыймыктанам, өзүм да көп нерсе үйрөнөм деген ишеничтемин. Мектептердин билим берүү сапатын жакшы деңгээлге чыгаруу боюнча сунушуңар болсо, ачыкмын», — деп жазды Кубанов.

Нурсултан Кубанов 2019-жылы Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси болуп иштеген.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Бир Бол» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM