Биз менен байланышыңыз

Октябрда бюджеттик мекемелерде иштегендердин айлыгына 3,5 млрд сом жумшалды

Кыска кабар | 16 Ноя 2020 | 410 | 0

Октябрь айында бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлердин маянасына 3 млрд 534,3 млн сом сарпталды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалыматтарында айтылат.

Мыйзамдарга ылайык, маалымат алуу чектелүү болгон чыгымдардан тышкары, октябрь айында республикалык бюджеттин чыгашалары 10 млрд 249,2 млн сомду түзгөн.

Анын ичинен 3 млрд 534,3 млн сом бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин айлык акысына жумшалган. Ошондой эле 818,2 млн сом элге социалдык колдоо боюнча жөлөк пулга сарпталган.

57,7 млн сом социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө жумшалган. Калган каражат бюджеттин артыкчылыктуу багыттарына чыгымдалганын министрлик кошумчалайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM