Биз менен байланышыңыз

Прокуратура онлайн сабакка катышпай жүргөн окуучуларды аныктайт

Кыска кабар | 16 Ноя 2020 | 700 | 0

Бишкек шаардык прокуратурасы окуучулардын онлайн сабакка катышуусун текшерүү боюнча түшүндүрмө берди. Мекеменин маалыматына караганда, Биринчи май райондук прокуратурасынын демилгеси окуу процессине катышпай жүргөн окуучуларды аныктоого жана алардын ата-энеси менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, өспүрүмдөр арасында тартип бузуунун, кароосуз калуунун алдын алууга гана багытталган.

Мындай тапшырма 11-ноябрда берилген. Прокуратуранын маалыматына караганда, «Кыргыз Республикасындагы укук бузууларды алдын алуу жөнүндөгү» мыйзамдын 9-беренесинде билим берүү органдары жана окуу жайлар окуудан баш тарткан мектеп жашындагы өспүрүмдөрдү окууга тартуу боюнча чараларды көрүшү керектиги жазылган.

Кыргызстанда коронавирус инфекциясы каттала баштагандан бери мектептер жабылган. Учурда эпидемиологиялык абал туруктуу аймактарда гана окуучулар мектепке барып окушууда.

Билим берүү жана илим министрлиги 11-ноябрдан тарта 1500дөй мектепте 1-6, 9, 11-класстардын окуучуларына реалдуу тартипте окууга уруксат берген.  Ал эми Бишкек менен Оштогу эпидкырдаал жакшы эмес болгондуктан, окуучулар онлайн окууну улантууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM