Биз менен байланышыңыз

Президенттик шайлоо: Талапкерлердин көптүгү эмнени билдирет?

Саясат , Шайлоо-2021 | 16 Ноя 2020 | 954 | 0

2021-жылдын 10-январында Кыргыз Респубикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Ага байланыштуу 14-ноябрда талапкерлердин арызын кабыл алуу аяктады. БШКга 65 адам арыз жазып, экөө кайра кайтарып алган. Мындай көрүнүш Эгемен Кыргызстандын тарыхында экинчи ирет кайталанып отурат. Шайлоого катышууда талапкерлер кандай максатты көздөйт? Алардын мамлекетти башкарууга чамасы, шайлоону утуп чыгууга көзү жетеби? Бул тууралуу алдыда кеп кылабыз.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери сегизинчи жолку президенттик шайлоо өткөрүү алдында турат. Алгачкы жолу өткөрүлгөн шайлоодо жалгыз гана талапкер болсо, 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин болгон президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүп, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазгандардын саны 83кө жеткен. Бирок, мыйзамда белгиленген талаптарга 16 гана талапкер жооп берип, калгандары жарыштан четтетилген, айрымдары өз каалоосу менен баш тарткан.

БШКнын мүчөсү Акылбек Сариев шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардын азыркы учурда өздүгү тактала турганын айтат. Комиссия мүчөлөрү алардын жарандыгы, өлкөдө 15 жылдан кем эмес жашагандыгы, соттолбогондугу, кыргыз тилин ортодон жогору билгендиги тууралуу маалыматтарды текшерет. БШК буларды тактоо үчүн атайын мамлекеттик органдар менен кызматташат, ал эми чет өлкөлөрдөн талапкерлер тууралуу маалыматтар суралып, кош жарандуулугу жоктугу тастыкталат. Бул тууралуу Сариев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Талапкерлердин соттуулугу боюнча ИИМдин атайын борбору менен кызматташабыз. Кош жарандуулук боюнча талапкерлер өз ыктыяры менен биометрикалык маалыматтарын берет, андан соң Мамлекеттик каттоо кызматы аркылуу чет мамлекеттерден талапкер боюнча маалыматтар такталат. Жашаган жери тууралуу да Мамлекеттик каттоо кызматынан такталат. Андан соң тил билүүсү тууралуу сертификаты болуусу кажет, — деди Сариев.

Боршайкомдун мүчөсү арыз жазган талапкерлер 3-декабрга чейин шайлоо күрөөсүн төгүп, талапкерлигин колдогон 30 миң шайлоочунун кол тамгасын топтоп, БШКга берүүгө тийиш экенин белгилеп өттү.

Мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан шайлоого катышууну каалаган жарандардын көптүгү мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин серепчилер айтышат. Бул жагдай демократиялык коом үчүн нормалдуу. Юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашевдин айтымында, талапкерлердин көпчүлүгү шайлоо күрөөсүн төгүүдө жана кол тамга топтоодо артка чегинишет. Ал эми саясий атаандаштыкты жарата алган талапкерлерди кубаттай турганын билдирди.

Эми биздин Башмыйзамда ушундай берене бар да: талапкерлердин санына эч кандай чектөө коюлбайт. Анын үстүнө Башмыйзам боюнча баарыбыздын укугубуз бирдей, ар бирибиздин шайлоого жана шайланууга акыбыз бар. Ошондуктан, 63 талапкер деген — бул: мыйзам ченемдүү эле көрүнүш, алар өздөрүнүн  салмагын таразага салып, эл алдына чыгып, мүмкүнчүлүктөрүн сынап көрүшкөнү негизинен жакшы. Бул бизде саясий атаандаштыкты жаратат, ал коомдун, мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө шарт түзөт. Мен аларды бул багытта кубаттайм, — дейт профессор.

Бирок, мындай көрүнүштү терс кабыл алгандар да жок эмес. Айрымдар талапкер болуу ниетин билдиргендердин мынчалык санда болушун президенттик институттун аброюна шек келтирүү катары карашат. Алардын бири «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын лидери Темирбек Асанбеков шайлоого катышуу ниетин билдирип арыз жазгандар шайлоонун аягына чейин ат салышуусу керек, эгер арызын кайтарып алган учурда административдик жоопкерчиликке тартуу зарыл деп эсептейт. Мындай кадам — президенттик институттун баркын сактап калуу үчүн керек.

— Бир четинен мыйзамда так көрсөтүлгөн эмес да. Жөн эле мындай, коомчулукка өзүнүн жүзүн көрсөтүп коюу максатында талапкерлигин коюу — жоопкерчиликсиз мамиле. Мыйзамга ушундай өзгөртүүлөр кирсе жакшы болот эле, мисалы, талапкер өзүнүн арызын жазгандан кийин калган милдеттерин аткарбай койсо, кандайдыр бир жоопкерчиликке тартыла турган учурларды киргизсе. Мен азыр арыз жазган айрым талапкерлер менен сүйлөшүп калып жатам, алар да жөн гана коомчулукка ой-пикирин, позициясын көрсөтүп, өзүнүн бар экенин билдирип коюу үчүн арыз жазып койгонун айтып жатышат, — дейт саясатчы.

Асанбеков 2011-жылы өткөн президенттик шайлоого катышып, 16 талапкердин ичинен алдыңкы төрт фавориттин бир болгон. Бирок, бул жолку шайлоого катышуу ниетин билдирген эмес. Анын себебин саясатчы өлкөдө туруксуздук болуп жатканы менен байланыштырды. Ал эми катышууга бел байлаган талапкерлер эки себеп менен БШКга арыз бергенин айтат.

Президенттик шайлоого катышпоо — өзүмдүн чечимим. Бул — азыркы саясий кырдаалга байланыштуу. Баарыбыз эле күбө болдук да, таза шайлоону талап кылып, эл көчөгө чыкты, бирок саясий кырдаал күтүлбөгөндөй өзгөрүп, өлкө мыйзамдуулуктун нугунан чыгып кетти. Бул учурда мыйзам иштебей, өлкөдө кайсы бир саясий топтордун гана кызыкчылыгы биринчи орунда турганын көрүп, мен президенттик шайлоого катышпайын деп чечтим. Анан экинчиден, азыркы шайлоого көпчүлүк аттанып жатканынын эки себеби бар: анын биринчиси, бийликтин ушунчалык аброю кеткендиги, ар ким өзү текеберилик менен, эч кандай жоопкерчилик албай эле аттанып жатышат.  Экинчиден, көпчүлүгү билет өтпөсүн, бирок өзүн коомго бир аз көрсөтүп коюуну көздөп, саясий багытын, позициясын билдирип коюу үчүн аттанып жатышат. Ушул эки маселе көп талапкер катталганына себеп болуп турат. 

5-6-октябрдагы башаламандыкта абактан чыккан саясатчы Садыр Жапаров Өкмөт башчылыкка дайындалгандан кийин, ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун кете турганын жар салган. 16-октябрда президенттин милдеттерин өзүнө алып, «Жээнбековго экс-президент макамын берүү жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Андан соң Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилигине досу Камчыбек Ташиевди, Башкы прокурор кызматына үзөнгүлөшү Курманкул Зулушевди дайындаган. Ал эми 4-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагалыгына Жапаровдун дагы бир досу Талант Мамытов шайланды. Ал учурда президенттин милдеттерин кошо аткарып жатат.

Коомчулукта мындай көрүнүшкө ар кыл баа берилет. Алардын айрымдары бийликтин бардык бутагын Садыр Жапаровдун санаалаштары башкарып жатканын айтып, алдыдагы президенттик шайлоодо анын жеңип чыгуу ыктымалдуулугу жогору экенинен күмөн санашпайт. Бирок, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев алдыдагы шайлоодо парламенттин орду чоң болорун, ар кандай мыйзам бузууларга каршы күрөшө турганын айтат.

Парламенттин орду — мыйзам бузууларды айтып чыгып, жоопкерчиликке тартуучу органдарга кулак кагыш кылып туруу . Негизи шайлоодо ролу өтө чоң. Албетте, БШК бизге караганда шайлоодо ролу чоңураак, бирок биз да унчукпай олтурбайбыз, мыйзамда так жазылган, эгер мыйзам бузуу болсо, аны айтып чыгабыз, — дейт эл өкүлү.

Башмыйзамга ылайык, Кыргызстанда президент 6 жылдык мөөнөткө шайланат. Өлкөнүн президентин шайлоо күнү ошол учурдагы президенттин мөөнөтү аяктай турган жылдын октябрь айынын үчүнчү жекшембисине дайындалат. Эгер кандайдыр бир себептер менен мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө туура келсе, президентти шайлоо үч ай ичинде өтүшү керек болот.

Copyright © 2017 Maral FM