Биз менен байланышыңыз

Эрдоган Кипрди эки мамлекетке бөлүү керектигин билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Ноя 2020 | 427 | 0

15-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган эгемендигин Анкара гана тааныган Түндүк Кипрге барып, эл аралык коомчулук Кипрдин эки мамлекетке бөлүнгөнүн расмий таанышын каалай турганын билдирди. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазды.

«Кипрде эки эл жана өзүнчө эки мамлекет бар. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыгында эки тарап өзүнчө мамлекет болушу керек», — деди Эрдоган.

Түндүк Кипр 1983-жылы өзүн эгемен өлкө деп жарыялаган. Ага чейин аралдын кипрлик түрктөр басымдуулук кылган түндүк бөлүгүн Түркиянын аскерлери басып алган. Аны эгемен өлкө катары Анкара гана тааныган.

Буга чейин Кипрдин эки жамааты аралды бириктирүүнүн мүмкүндүктөрү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок эч кандай жыйынтык болгон эмес.

Айрым басылмалардын жазганына караганда, Кипрдин түндүгүндө Эрдоган колдогон саясатчы Эрсин Тартар бийликке келгенден кийин эки тарапты кошуу тууралуу сүйлөшүүлөр мурдагыдан да татаалдашты. Тартар эл аралык коомчулук Түндүк Кипрдин эгемендигин таанышы керектигин билдирип келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM