Биз менен байланышыңыз

Президенттикке талапкерлер күрөөнү 3-декабрга чейин төгүшү керек

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 15 Ноя 2020 | 1153 | 0

Президенттик кызматка талапкер болууну каалагандардын арыз жазуу мөөнөтү 14-ноябрда аяктады.

Борбордук шайлоо комиссиясы ушул жылдын 31-октябрында бекиткен календардык планга ылайык, мындан аркы аракеттер төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:

  • 2020-жылдын 16-ноябрынан 3-декабрь, саат: 00:00гө чейин талапкерлер 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын чогултуп, тапшырууга тийиш жана миллион сомдук күрөө төгүүсү керек;
  • 6-декабрга чейин талапкерлер өмүр баянын камтыган анкета тапшырат;
  • 14-декабрда БШК катышууга укук алган талапкерлердин акыркы тизмесин жарыялайт;
  • 15-декабрдан 8-январь, саат: 00:00гө чейин талапкерлердин үгүт иштери жүргүзүлөт;
  • 10-январда — президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү;
  • 12-январга чейин БШК добуш берүүнүн жыйынтыгын жана катышкан шайлоочулардын тизмесин жарыялайт;
  • 24-январга чейин шайлоо өткөнү же өтпөгөнү расмий жарыяланат.

Учурда президенттик кызматка талапкер катары шайлоого катышуу ниетин билдирип, 65 жаран арыз жазган. Анын ичинен эки талапкер арызын кайра кайтарып алган. Учурда 63 (55 эркек, 8 аял) талапкер калды.

 

Copyright © 2017 Maral FM