Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчынын милдеттерин аткаруу биринчи вице-премьер-министрге жүктөлдү

Кыска кабар | 15 Ноя 2020 | 727 | 0

«Президенттин жана Жогору Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга ылайык премьер-министрдин кызматтык ыйгарым укуктары президентик шайлоонун жыйынтыктары аныкталганга чейин токтотулду.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Ушул эле буйрукка ылайык, президентти шайлоо мезгилинде премьер-министрдин милдеттерин аткаруу «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын 19-беренесине ылайык биринчи вице-премьер-министрге жүктөлдү.

Учурда биринчи вице-премьер-министрлик кызматын Артем Новиков аткарууда.

Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров 14-ноябрда кызматын тапшырды. Мыйзам боюнча анын милдети парламент спикери Талант Мамытовго өттү.

Copyright © 2017 Maral FM