Биз менен байланышыңыз

Жапаров дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары менен жолугушту

Кыска кабар | 13 Ноя 2020 | 311 | 0

Бүгүн, 13-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын башчылары, Кыргызстанда аккредитацияланган чет мамлекеттердин ардактуу консулдары менен жолугушту.

Жапаров анда сөз сүйлөп жатып, дипломатиянын негизги маңызы элдер менен мамлекеттердин ортосунда «алтын көпүрөнү» куруу экендигин белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан ар дайым чет элдик өнөктөштөрү, эл аралык жана аймактык уюмдар менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Мындан тышкары, 5-октябрда Кыргызстанда болгон окуялар парламенттик шайлоонун адилетсиз өткөндүгүнүн натыйжасынан улам келип чыкканын айтты. Ошентсе да бүгүнкү күндө кырдаал турукташып, саясий процесстер укуктук кайтып келди деп ишендирди.

Эми мамлекеттик органдар социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү, инвесторлордун ишенимин кайтаруу жана мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоого көңүл бурушу керек.

Жапаров тышкы саясат боюнча айтып жатып, буга чейин жетишилген келишимдердин алкагында бардык эл аралык милдеттенмелер так сактала тургандыгын белгиледи.

Анын айтымында, Кыргызстан ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ, БУУ, ЕБ, КМШ, ТМКК сыяктуу негизги эл аралык уюмдар менен кызматташууга өзгөчө маани берет.

Бул жолугушуу алгач 28-октбярга белгиленген. Бирок ал күнү премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү ант бергендиктен элчилер менен жолугушуу башка күнгө жылдырылган.

Буга чейин интернетте Жапаров менен жолугушууга чакырылган дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери келбей, катардагы кызматкерлерин гана жиберишкени үчүн жолугушуу өтпөй калганы тууралуу маалымат тараган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM