Биз менен байланышыңыз

Түркмөнбашы Алабайдын алтын айкелин орнотту

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Ноя 2020 | 511 | 0

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердумухамедов Ашхабад шаарында алабай тукумундагы иттин алтын айкелин орнотуп, ачылышына катышты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, иттин алтын айкелинин бийиктиги — 6 метр. Ал бийиктиги 9 метр болгон постаментте жайгашкан. Айкел видео экран менен курчалган, анда ушул тукумдагы иттердин катышуусунда видеотасмалар көрсөтүлүп турат.

Түркмөнстандын башчысы алабай тукумундагы иттерди аярлап келет. 2017-жылы Орусия президенти Владимир Путинге Верный аттуу күчүгүн берген. Ал эми 2019-жылы Дмитрий Медведевге да ушундай белек тартуулаган.

Эске салсак, Өткөн жылдын сентябрь айында Бердымухамедов «Түркмөн Алабай» аттуу китебин чыгарып, ушул эле аталыштагы ырын жаздырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM