Биз менен байланышыңыз

Жапаров «дебют» жасаган ШКУнун саммити

Саясат | 11 Ноя 2020 | 715 | 0

10-ноябрда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө жана байкоочу мамлекеттердин жетекчилеринин, БУУнун башкы катчысынын, ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүм комитетинин аткаруучу директорунун башын бириктирген онлайн жыйын болуп өттү. Ага Кыргызстандан президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да катышып, сөз сүйлөдү. Он эки мамлекеттин башчылары, комитет директору жана БУУнун башкы катчысы чогулган кеңешмеде экономика, коопсуздук тармагында өз ара кызматташууну мындан ары бекемдөө, анын ичинде коронавирус инфекциясынын глобалдык саясий жана социалдык-экономикалык кесепеттеринин шартында ШКУнун алкагында мындан ары өз ара кызматташуу маселелери каралды.

Кыргызстандын ШКУга катышуусу мамлекеттин тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгилеген президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өлкөдө мыйзамдуу бийлик түзүмдөрү орногонун, алар мындан ары эл аралык милдеттенмелерди жана мурда кол коюлган бардык ар тараптуу келишимдерди толугу менен аткарарын билдирди.

«Өлкөдө бийликти өткөрүп берүү аракети мыйзамдарга ылайык, тынчтык жолу менен өттү. Бийликтин бардык бутактары легитимдүү, ал эми аткаруу органдары бүгүнкү күндө штаттык режимде ишин улантып жатат. Биздин өлкө үчүн, эл үчүн кыйын болуп жаткан ошол күндөрдө көрсөткөн колдооңуздарга ыраазычылык билдирем. Кыргызстандын аймагындагы инвесторлордун укуктарын коргоо жана чет элдик жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча маселелер өз учурунда жөнгө салынат», — деди Садыр Жапаров

Муну менен катар Жапаров Уюмга мүчө мамлекеттерге пандемия күчөп турган учурда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Күн тартибиндеги маселелер боюнча бардык өлкө лидерлери өз ойлорун билдиришти. Бир катар мамлекет башчылары Садыр Жапаровду президенттин милдетин аткаруу кызматына киришкени менен куттукташты. Казакстан президенти Касым-Жоомарт Токаев, Өзбекстан жетекчиси Шавкат Мирзиёев  уюмга мүчө өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан менен тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин маалымдашты.

Садыр Жапаровдун Кыргызстанда бийлик алмашуу учурунда саммитке катышып, өз пикирин билдирүүсүн саясат талдоочу Эмил Жураев жакшы көрүнүш катары баалайт. Анткени бул нерсе өлкөдө мыйзамдуу бийлик бар экенин, мындан ары да эл аралык кызматташуу жүрө турганын тастыктайт.

«Өлкөдө бийлик алмашып турган учурда Садыр Жапаровдун саммитке катышып жатышы — эң туура көрүнүш. Эл аралык мамилелерди улантууга, келишимдерди аткарууга даяр экенин билдиргени кырдаалды жеңилдетет. Эгер бул кадамга барбаганда, анда эл аралык коомчулук тааныбай калуусу мүмкүн эле», — дейт Эмил Жураев.

Ал эми саясат талдоочу Аскар Бешимов Шанхай Кызматташтык Уюмуна канча сунуштар берилгени менен анын чечилиши, жыйынтыктары көрүнбөй келгенин айтат. Ал уюм көп жылдан бери иш алып барганы менен бирдиктүү ири долбоорлорду ишке ашыра албаганын, уюмга мүчө ири державалардын атаандаштыгына шарт түзгөн формалдуу жыйын болуп келгенин кошумчалады.

«Ушул күнгө чейин Борбордук Азияда Шанхай Кызматташтык Уюмунун долбоору жок. Бул уюм Орусия менен Кытайдын атаандаштыгына шарт түзгөн формалдуу эле жыйынга айланып калган. Кытай анын максатын экономикалык багыттарга буруу керектигин, ал эми Орусия аны саясий, коопсуздук үчүн иштеши зарыл экенин айтып келет», — дейт Аскар Бешимов

Орусия президентинин төрагалыгы астында өткөн жыйында 16 корутунду документ, атап айтканда, 9 чечим жана 6 билдирүү кабыл алынды.

Белгилей кетсек, келерки жыйынга Тажикстан президенти төрагалык кылат.

Copyright © 2017 Maral FM