Биз менен байланышыңыз

Жоробеков: Жапаров менен жолугушууга окумуштуулар экиге бөлүнүп чакырылды

Кыска кабар | 11 Ноя 2020 | 1554 | 0

Бүгүн, 11-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Улуттук илимдер академиясында академиктер жана корреспондент мүчөлөр менен жолугушуп жатат. Бул тууралуу саясат талдоочу Жолборс Жоробеков «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, учурдагы жолугушуу кандай максатты көздөп турганы белгисиз болууда. Анткени Жапаровдун бийликке келгенине бир ай эле болду. Бир айдын ичинде эмне деген маселелерди чечип жиберет? Жакында эле аймактарды кыдырганы, бүгүнкү интеллигенция менен жолугушканы эмне максатта болуп жатканы түшүнүксүз.

«Мен бул жолугушууну өтө кызыктуу деп ойлоп жатам. «Академияга академиктер менен корреспондент мүчөлөрү гана келет, калганыңар түшкө карата келгиле, эч ким кирбесин, жолобосун», — деп коюптур. Мен: «Эмне үчүн окумуштуулардын калың катмары менен жолугушуудан качып, 50дөй гана адам менен жолугуп жатканына, калганыңар саат 12ден кийин келесиңер дегенге таң калып жатам. Саат 9га жумушка барышым керек эле, мага ошентип кабарлашкандан кийин азыр үйдө отурам. Баргандар Садыр Жапаров келет деп кире албай жатышканын айтып, байланышты», — деди Жоробеков.

Мындан сырткары ал мындай жолугушуулар алдын ала пландалып, сөзсүз бир маселени талкуулоо болушу керектигин белгиледи.

«Мен бүгүнкү жолугушууга таң калганым: аз гана адамдар менен жолугушуп, калганын киргизбей жатканы«, — деди Жоробеков.

Copyright © 2017 Maral FM