Биз менен байланышыңыз

Коронавируска каршы эффективдүү делген 2 азык аталды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Ноя 2020 | 5509 | 0

Балды, кара зирени колдонуу COVID-19 менен күрөшүүдө эффективдүү жардам берет. Мындай изилдөөнүн жыйынтыгын medRxiv порталы жазды.

Эл аралык адистер тобу коронавирус менен ооруган орто жана оор абалдагы бейтаптардын катышуусунда эксперимент жүргүзүшкөн. Бейтаптардын бир бөлүгү салмагына жараша күн сайын бир грамм бал жана 80 миллиграмм кара зире ичишкен. Бул азыктарды жегендерде иммунитет көтөрүлгөнү аныкталган. Текшерүү учурунда вирусту денеден 4 күн эрте чыгарууга шарт түзөрү аныкталган.

Бал менен кара зире коронавирустук инфекцияны дарылоо боюнча медицинада каралган эмес, бирок аны башка ооруларды дарылоодо эл арасында кеңири колдонулуп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM