Биз менен байланышыңыз

«Чаян сокку» ыкмасы менен гол киргизди [видео]

Кыска кабар , Спорт | 11 Ноя 2020 | 360 | 0

Германия чемпионатында футболчу Валентино Лазаро «чаян сокку» ыкмасы менен гол киргизди. Бул тууралуу «Eurosport» маалымат булагы жазып, видеосун жарыялады.

​Окуя Бундеслигадагы «Боруссия» Мюнхенгладбах менен леверкузендик «Байер» клубдарынын беттешинде катталган.

Оюндун кошумча берилген 94-мүнөтүндө Мюнхенгладбахтын футболчусу керемет ыкма менен тепкен топ дарбаза бурчунан кирген. Бирок бул гол командага жеңиш тургай, тең чыгууну да алып келе алган эмес. Оюн 4:2 эсеби менен леверкузендиктердин пайдасына аяктаган.

Бул футболчунун азыркы сезондогу биринчи голу болду. Беттеш соңундагы өзгөчө гол командага жеңиш алып келе алган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM