Германия чемпионатында футболчу Валентино Лазаро «чаян сокку» ыкмасы менен гол киргизди. Бул тууралуу «Eurosport» маалымат булагы жазып, видеосун жарыялады.
Окуя Бундеслигадагы «Боруссия» Мюнхенгладбах менен леверкузендик «Байер» клубдарынын беттешинде катталган.
Оюндун кошумча берилген 94-мүнөтүндө Мюнхенгладбахтын футболчусу керемет ыкма менен тепкен топ дарбаза бурчунан кирген. Бирок бул гол командага жеңиш тургай, тең чыгууну да алып келе алган эмес. Оюн 4:2 эсеби менен леверкузендиктердин пайдасына аяктаган.
Бул футболчунун азыркы сезондогу биринчи голу болду. Беттеш соңундагы өзгөчө гол командага жеңиш алып келе алган эмес.
🦂🦂 Valentino Lazaro. pic.twitter.com/QFxHw8G4ga
— 𝒍𝒂𝒖𝒓𝒂 ,, 🐍 (@ellebii_) November 8, 2020