Биз менен байланышыңыз

Казакбаев Түркияга виза жана уруксат документин жокко чыгарууну сунуштады

Кыска кабар | 10 Ноя 2020 | 701 | 0

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын Маданият жана туризм министрлигине эки мамлекеттин жарандары үчүн виза жана иштөөгө уруксатын алуу документин өз ара жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Анын айтымында, бул биргелешкен кадам жарандардын жана товарлардын эркин жылышын камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

9-ноябрда Руслан Казакбаев Түркияга иш сапарынын алкагында Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой менен жолугушту.

Түрк министри туризм багытындагы кызматташууну активдештирип, баштапкы аянтча катары Кыргызстандын кесиптик лицейлеринин базасында туристтик бизнес үчүн кадрларды биргелешип окутуу мүмкүнчүлүгүн сунуштады.

Казакбаев Түркияга 8-ноябрда барган. Ал жетектеген делегациянын расмий жолугушуулары 9-10-ноябрда болуп, билим берүү, маданият, экономика жана эки өлкөнүн карым-катнаштары тармагында жүргүзүлүүдө.

Ал 11-ноябрда Стамбулда кыргызстандыктар менен жолугушуу өткөргөн соң, расмий сапары жыйынтыкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM