Биз менен байланышыңыз

Быйыл ЕАЭБде өндүрүш тармагы 2,6 пайызга төмөндөдү

Кыска кабар | 10 Ноя 2020 | 362 | 0

2020- жылдын январь-сентябрь айларында Евразия Экономикалык Биримдигине кирген өлкөлөрдө өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 747,5 млрд долларды түзгөн. Бул тууралуу ЕЭКтин маалыматтарына таянып, «Акчабар» финансы порталы жазды.

2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 2,6 %га төмөндөгөн.

Комиссиянын маалыматына ылайык, өндүрүштүн басымдуу бөлүгүн кайра иштетүү тармагы ээлейт. Жалпы көлөмү 502,6 млрд долларды түзөт. Тоо-кен тармагы 167,3 млрд долларга жеткен. Бул тармактын көрсөткүчү 2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 5,9 %га төмөндөгөн.

Электр, газ берүү, буу жана кондиционер өндүрүү 63,7 млрд долларды түзгөн. Суу менен камсыздоо, канализация тутуму, таштандыларды чогултууну жана бөлүштүрүүнү көзөмөлдөө 13,7 миллиард доллар болду.

Copyright © 2017 Maral FM