Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова «Poland Open» мелдешиндеги биринчи кармашында жеңишке жетти

Кыска кабар , Спорт | 6 Ноя 2020 | 12422 | 0

Айсулуу Тыныбекова Варшавадагы «Poland Open» мелдешиндеги биринчи кармашында жеңишке жетти.

Ал орусиялык балбан кыз Ульяна Тукуренова менен күрөшүп, аны 12:3 эсебинде жеңип алды.

Мелдеш Польшанын Варшава шаарында 4-ноябрь күнү башталган. Ал 8-ноябрь күнү жыйынтыкталат.

Кыз-келиндер арасындагы кармаштар 6-7-ноябрь күндөрү болот. Ага Кыргызстандан Айсулуу Тыныбековадан тышкары Айпери Медет кызы (76 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг), Нураида Анаркулова (57 кг), Назира Марсбек кызы (59 кг) катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM