Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык самбочулар күмүш, коло медалга ээ болушту

Кыска кабар , Спорт | 6 Ноя 2020 | 344 | 0

Кыргызстандык спортчулар өспүрүмдөр арасындагы Самбо боюнча дүйнө чемпионатында 1 күмүш, 1 коло медалга ээ болушту.

Турнир Сербиянын Нови-Сад шаарында 5-ноябрда башталган, мелдештин биринчи күнүндө, өспүрүмдөр арасындагы мелдеште 10 медалдар топтому ойнотулду. Кыргызстандан 3 спортчу килемге чыкты.

68 килограмм салмак ченинде жалпы 8 спортчу таймашты. Бул салмак боюнча Кыргызстандан барган Феликс Уланбеков чейрек финалдык этаптан баштап, эки жеңишке жетип, финалда орусиялык Иван Агофоновго утулуп, күмүш медаль тагынды.

57 килограммга чейинки салмак ченинде жалпы 6 спортчу күч сынашып, кыргызстандык Жусуп Шакиров 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болду.

Ахуналы Бейшеналы уулу 82 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, бирок медалсыз калды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM