Биз менен байланышыңыз

Талант Мамытов басма сөз кызматкерлерин куттуктады

Кыска кабар | 6 Ноя 2020 | 253 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов басма сөз кызматкерлерин Маалымат жана басма сөз күнүнө карата куттуктады. Ал журналисттик адистиктин мааниси бийик экенин, айрыкча демократиялык багытты тандаган коом үчүн сөз эркиндигинин жана басма сөз каражаттарындагы ачык-айкындуулуктун баасы өтө жогору турарын белгилейт.

«Сиздер өлкөдөгү жаңылануулардын башатында туруп, мамлекет тарыхындагы урунттуу учурларга, тарыхый бурулуштарга, экономикалык жана социалдык жактан жасалган кадамдарга өзгөчө салымыңыздарды кошуп келесиздер. Мындан ары да коомдун күзгүсү, жакшылыктын жана чындыктын жарчысы болууну улантасыздар деген ишенимдебиз».

Мамытов журналисттердин акыркы окуяларга байланыштуу жүрүп жаткан реформалардын баарын ырааттуу чагылдыруу аркылуу кыргыз парламенти менен жалпы коомчулуктун байланышын да чыңдоосунан үмүттөнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM