Биз менен байланышыңыз

Эксперт: АКШдагы шайлоо Кыргызстанга да таасир этет

Кыска кабар , Саясат | 4 Ноя 2020 | 942 | 0

АКШда көпчүлүк штаттарда президенттик шайлоого карата добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы жарыяланды. Ал эми 3 штат добуштардын жыйынтыгын жакын арада жарыялабайт. Анткени почта аркылуу жөнөтүлгөн добуштарды эсептөөгө мүмкүн болгон эмес.  Республикачылардын талапкери, президент Дональд Трамп шайлоодо жеңишке жеткенин жарыялады, ал эми анын негизги атаандашы — Демократтардын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байден тарапташтарына кайрылды. Бийликке Трамп келип калса, дүйнөлүк саясатта эмнелер күтүлөт? Америкадагы шайлоолордун жыйынтыгы Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга кандай таасир берет?


Алдын ала жыйынтыктар боюнча республикачылардын талапкери, учурдагы президент Дональд Трамп шайлоочулар коллегиясынын 210дон ашуун мүчөсүнүн добушуна ээ болууда. Ал эми Демократтардын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байден 240ка жакын добуш топтогону кабарланды.

Трамп шайлоонун расмий жыйынтыктарын күтпөстөн, Вашингтондогу тарапташтарына кайрылып, жеңип чыкканын айтты.

Биз чоң майрамга даярданып жатабыз. Жыйынтыгы укмуштай. Дагы бир жолу айтам, биз салтанатка даярданып жатабыз. Көз алдыбызда болуп жаткан окуялар таң калыштуу. Демократтар бизге жете алышпайт. Мен жеңишке ишенем. Биз күтпөгөн штаттарда жеңишке жетиштик: Пенсильванияда жеңдик, Джорджия менен Түндүк Каролинада да жеңдик. Ал тургай, Висконсин штатындагы Мичиганда жеңишке жетишип жатабыз. Биз шайлоодо жеңишке жеттик.

Трамптын өзүнө ишенген бул кайрылуусун шайлоого чейин эле айтылган сөзүнүн уландысы катары кабыл алуу керек. Добуштарды саноо бир жумага чейин созулуп кетиши ыктымал. Ал убакта Трамп менен Байдендин колдоочулары бири-бири менен талашып, жадагалса кагылышууга чейин барышы мүмкүн, ага коркунуч бар. Бул тууралуу медиаэксперт Кубан Абдымен билдирди.

Анын баамында, АКШда жалпы кырдаал өзгөрүп кетсе, дүйнөлүк деңгээлде башка мамлекеттерге да таасир берет.

— Доллардын курсу кескин өзгөрүп кетиши мүмкүн. Мындан сырткары АКШ менен тыгыз байланышта иштеп жаткан эл аралык каржылык уюмдар башка мамлекеттерге акчалай колдоосун өзгөртө тургандай шарттар түзүлүшү ыктымал. Анын баары экономикага таасир этет. Шайлоонун жыйынтыгы келип жаткан жардамдардын агымын азайтып койсо, биздин экономикага терс таасир тийгизет. Бул кырдаалдан чыга турган бир гана мүмкүнчүлүк: эл аралык уюмдар менен алаканы үзбөй, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл.

Кубан Абдымен Америкадагы шайлоо талашууну жаратпай, коомчулукту дүрбөтпөгөндөй кабыл алынса, анда стабилдүү өтөт да, жыйынтыгы буга чейинки шайлоолордой эле башка мамлекеттерге таасир эте албай турганын кошумчалады.

Ал эми Жо Байден Делавэр штатынын Уилмингтон шаарында тарапташтарынын алдына чыкты. Ал быйыл алдын ала добуш бергендер көп болгондуктан, бюллетендерди саноо көп убакыт аларын айтты. Ошондой эле бир катар штаттардагы шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча оптимисттик көз карашта турганын билдирди.

— Сиздерге шайлоодо жеңиштин жолунда экенибизди айтуу үчүн ушул жердемин. Бул боюнча алдын ала добуш берүүдө да билгенбиз. Жыйынтыктар чыкканча сабыр кылышыбыз керек. Ал бардык бюллетендер саналып бүтмөйүнчө чыкпайт. Аризона, Миннесота штаттарында алдыга чыктык. Джордияда да лидерликтебиз. Висконсин жана Мичиганда да жакшы жыйынтык көрсөттүк.

Эл аралык мамилелелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетовдун пикиринде, Америкадагы шайлоо бир гана өлкөнүн эмес, бүткүл дүйнөнүн тагдырын чечип жатат.

Трамп президент болуп турганда бир катар мамлекеттер анын саясаты кайсы стартегиялык багытка алып барарын түшүнгөн жок. Бул Америкага экономикалык жактан да, саясий жактан да кедергисин тийгизүүдө. Эгерде Трамп кайрадан президенттикке шайланса, Борбор Азия мамлекеттерине да таасир этет.

— Трамп Американы биринчи орунга коюп, экономикалык жактан изоляцияга барат. Мунун айынан Африка болобу, Азия болобу, башка мамлекеттерге кыйынчылык көп болот. 

Эдил Осмонбетов Жо Байден утуп чыкса, бүгүнкү күнгө жооп берген күн тартибин киргизерин белгиледи.

— Жо Байден 8 жыл вице-президент болуп иштеген. Экология, экономика, тышкы саясат жагынан күн тартибин түзөт. Демократия менен адам укуктарынын корголуусун колдойт. Ошондо биз башка дүйнөнү көрөбүз. Америка эски ролуна келет, жаңы деңгээлге чыгат.  

Айта кетсек, Америка Кошмо Штаттарынын президенти болуу үчүн талапкер шайлоо коллегиясынын 270 мүчөсүнүн добушуна ээ болушу керек.

Copyright © 2017 Maral FM