Биз менен байланышыңыз

Жапаров Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 2 Ноя 2020 | 398 | 0
Сүрөт Айпери Жумабай кызы

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы — Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

1995-жылы 2-ноябрь Маданият кызматкеринин күнү деп кабыл алынган.

Жапаровдун куттуктоосунда, маданият — коомдук жүрүм-турумдун, эреже-тартиптердин системасы, ыймандуулук жана интеллектуалдык байлыктын, элдин дүйнө таанымынын казынасы деп айтылат.

«Маданият — турмуштун күзгүсү демекчи, көркөм өнөр жана маданият ишмерлери коомдо улуттун сыймыгы болуп келген. Алар кайсы гана доор болбосун саясий идеологиялык абалга көз каранды болбой, ачык-айкын ой-пикирлерин айтышып, таамай сүйлөп, улуттук сапатыбызды, адеп-ахлактуулукту көрсөтүп келишкен. Себеби, көркөм-өнөр жана маданият чөйрөсү ар бир өлкөнүн экономикасынын жана саясатынын түркүгү болуп саналат. Маданият жөнүндө сөз кылуу  — бул биринчи кезекте, улут жөнүндө сөз кылуу, маданиятсыз улут болбогондой эле, улутсуз маданият болбойт».

Жапаровдун айтымында, маданият чөйрөсүнүн ишмерлеринин мекенге, дүйнөгө болгон жаштардын көз карашын калыптандырууга, аларды мекенчилдикке, жаратмандыкка тарбиялоого кошкон салымы чоң.

Copyright © 2017 Maral FM