Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында болот

Кыска кабар | 2 Ноя 2020 | 589 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 2-4-ноябрда Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапар менен барат. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Садыр Жапаров иш сапардын алкагында  облустардагы инфраструктуралык объектилердин курулушу менен таанышат.

Мындан тышкары, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынан, ошондой эле Ош шаарынан эл менен жолугушат.

Copyright © 2017 Maral FM