Биз менен байланышыңыз

Израилде коронавируска каршы вакцина 1-жолу колдонулду

Кыска кабар | 1 Ноя 2020 | 306 | 0

Израилде биринчи ыктыярчы коронавируска каршы вакцинаны алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Коргоо министирлиги билдирди.

«Биологиялык изилдөөлөр институту тарабынан жасалган вируска каршы вакцина «Шиба» ооруканасында биринчи ыктыярчыга куюлду «, — деп айтылды маалыматта.  Буга чейин Израиль коронавируска каршы клиникалык изилдөөлөрүн жекшемби кунү 1-ноябрда баштаары айтылган.

Клиникалык изилдөөлөр 3 этаптан турат жана бир канча ай ичинде жүргүзүлүп бүтөт. Биринчи этапта 18 жаштан 55 жашка чейинки, ден соолугу чың ыктыярчылар катышат. Биринчи эки адамга вакцина куюлат, эгерде көрсөткүч жакшы болсо, кийин калгандарына жасалат. Экинчи этап декабрдын башына пландалып жатат. Ага 960 ыктыярчы тартылат. Ал эми үчүнчү этапта, буга чейинки эки учур жакшы көрсөткүч берсе, апрель-май айларында өтөт. Анда болсо 30 миңге жакын ыктыярчы вируска каршы изилдөөгө катышат.

Акыркы этапта изилдөө жакшы көрсөткүч көрсөтсө, вакцина жалпы колдонууга уруксат алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM