Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Спорт башкармалыгынын мурунку башчысы кармалды

Кыска кабар | 28 Окт 2020 | 506 | 0

Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын мурунку башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, шаардык Дене тарбия жана спорт башкармалыгында ири коррупциялык схема түзүлгөнүн аныктады.

Аталган башкармалыктын мурунку башчысы Даулет Досалиев жооптуу адамдар менен келишип алып, 2019-жылга карата спорттук иш-чаралардын календарына ылайык спортчуларды окуу лагерлерине жөнөтүү боюнча буйруктарды жасалма жол менен түзгөн.

Мындан тышкары, каржылык отчеттуулук документтерин бурмалоо, транспорттук кызматтарды, катышуучулар үчүн жатакана жана тамактануу кызматтарын жасалма каттоо фактылары аныкталды.

Машыктыруучулар штабынын жана спортчулардын Бишкек шаарынын мэриясынын бюджетинен жыл сайын бөлүнүүчү каражат жөнүндө маалыматы болгон эмес.

Бул фактылардын негизинде сотко чейинки өндүрүш жүрүп, Досалиевге «Кызмат абалын кыянат пайдалануу», «Берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренелери менен айып тагылды.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 27-октябрда Досалиевдин баш коргоо чарасы каралып, ал №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды.

Copyright © 2017 Maral FM