Биз менен байланышыңыз

Маркум Элмирбек Иманалиевдин китептери чыкты

Кыска кабар | 27 Окт 2020 | 950 | 0
Сүрөт Түмөнбай Абдинаби уулу

Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын, маркум Элмирбек Иманалиевдин «Аманат» аттуу ырлар жыйнагы чыкты.

Китептин ачылыш аземи бүгүн, 27-октябрда өттү.

«Аманат» китеби менен бирге «Ак таңдагы Ак Бата» китеби да чакан көлөмдө чыгарылып, белек катары берилди.

Китеп миң нускада чыгарылды. Аны Бишкектеги жана Ош шаарындагы китеп дүкөндөрүнөн сатып алса болот.

Төкмө акын Элмирбек Иманалиев 2020-жылдын 20-апрелинде 42 жашында оорудан улам көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM