Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги Саякбай Каралаев көчөсүндө оңдоо иштери аяктады (сүрөт)

Кыска кабар | 23 Окт 2020 | 285 | 0

Бишкектеги Саякбай Каралаев көчөсүндө Аманкул Куттубаев көчөсүнөн Аалы Токомбаев көчөсүнө чейин реконструкциялоо иштери аяктады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

1650 метрлик бөлүккө асфальт төшөлүп, жол белгилери орнотулуп, туурасы 2,25 метр тротуар оңдолду.

Бүгүнкү күндө жол боюндагы курулуш таштандылары чыгарылууда. Жакында «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жашылдандыруу иштерин башташат.

Жол иштери Кытайдын грантынын эсебинен «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун биринчи фазасынын алкагында жүргүзүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM