Биз менен байланышыңыз

Сулайманов сунуштаган мыйзам комитетте биринчи окуудан өттү

Кыска кабар | 20 Окт 2020 | 3213 | 0

Жогорку Кеңешке өтүүнүн босого баллын 3 пайызга түшүрүү сунушун парламенттин тармактык комитети биринчи окууда колдоду. Бул тууралуу демилгечи депутат Алтынбек Сулайманов Бишкекте өтүп жаткан жыйында айтты.

Депутат мындан тышкары, шайлоо күрөөсүн 1 млн сомго түшүрүүнү жана «Форма-2» ыкмасын жокко чыгарууну сунуштаган. Сулаймановдун айтымында, 21-октябрда шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү маселеси Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланат. Депутат кесиптештерин бул жыйынга активдүү катышууга чакырды.

«Биз тез аранын ичинде жок дегенде ушул үч норманы киргизишибиз керек. Босого баллды 3 пайыз деп жатканыбыздын себеби, эгер пайызы жок болсо деле колдомокмун, бирок парламенттин ичинде жок дегенде 5 пайыз болсун деген талаштар бар. Ошол себептен биз 3 пайыз деп жатабыз. Бул сунушту комитеттен биринчи окууда араң өткөздүк. Эми эртең пленардык жыйында карап, андан кийин экинчи-үчүнчү окуудан өткөрүү керек. Себеби Боршайком шайлоону жарыялашы керек», — деди Сулайманов.

Бишкекте бир топ саясий партиялар, саясатчылар жана жарандык коомдун өкүлдөрү шайлоо мыйзамдарын талкуулап жатат.

Демилгечилер парламентке өтүүнүн босого баллын азайтуу, шайлоо күрөөсүн төмөндөтүү, «Форма-2» ыкмасын жокко чыгарууну буга чейин да сунушташкан.

Сулаймановдун айтымында, жогорудагыдай тоскоолдуктарды жоюу керек. Өлкөдө шайлоо жана шайлануу маданияты калыптанбаса өзгөрүү болбойт.

Copyright © 2017 Maral FM