Биз менен байланышыңыз

Нариман Түлеев Бишкектин биринчи вице-мэри болуп дайындалды

Кыска кабар | 20 Окт 2020 | 1332 | 0

Нариман Түлеев Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка шаар мэри Азиз Суракматов кол койду.

Мэриянын маалымат кызматы кабарлагандай, Түлеев Алмаз Бакетаевдин ордуна келди. Алмаз Бакетаев турак жай, коммуналдык чарба маселелери боюнча вице-мэр болду. Ал эми дагы бир вице-мэр Алимбек Абдылдаев шаар башчысынын кеңешчиси болду.

Нариман Түлеев Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобус жана таштанды тазалоочу унаа сатып келүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталган. Ал соттун чечими менен 11 жылга кесилген.

Кийин 2016-жылы мамлекетке келтирилген зыянды төлөп берип, мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Түлеевдин бир топ мүлкү конфискацияланган.


Н. Түлеев: Бийлик аялдан да таттуу экен…


Нариман Түлеев 2008-жылдан 2010-жылга чейин Бишкек шаарынын мэри болгон. 2010-жылдын октябрынан тарта Жогорку Кеңештин V чакырылышына «Ата журт» саясий партиясынан депутат болуп шайланган.

 

Copyright © 2017 Maral FM