Биз менен байланышыңыз

Элчилик Трамп менен сүйлөштүрүүнү талап кылган кыргызстандык тууралуу комментарий берди

Кыска кабар | 20 Окт 2020 | 1490 | 0

Кыргызстандын АКШдагы элчилиги Чикаго шаарындагы «Trump Tower» бийик имаратында аркан менен байланып турган жигит тууралуу комментарий берди.

Ал Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун 1989-жылы туулган Э.А. аттуу жараны экени тастыкталды.

Кыргызстандык бала АКШ президенти Дональд Трамп менен сүйлөштүрүүнү талап кылган.

Элчиликтин маалыматы боюнча, кыргызстандык жаран жергиликтүү госпиталдардын бирине жеткирилди. АКШ дарыгерлери анын психикалык абалын текшеришет.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Трамп менен сүйлөшүүнү талап кылган кыргызстандык жигитке эч кандай айып салына элек.

Кыргызстандын АКШдагы элчилиги диаспора өкүлдөрү менен аталган жаранга тийиштүү консультациялык жардам берүүгө даяр экенин билдирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM