Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Ала-Букадагы алтын кен ишканасынын 2 миң чарчы метри өрттөлдү

Кыска кабар | 20 Окт 2020 | 328 | 0

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районундагы Иштамберди тилкесинде жайгашкан «Фулл Голд Майнинг Компани» алтын-кен ишканасынын 2 миң чарчы метр жери өрттөлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

 Учурда келтирилген материалдык чыгым такталууда. Жабыркагандар жок.

19-октябрь күнү саат 10:15 чамасында «Фулл Голд Майнинг Компани» алтын-кен ишканасынын имаратында өрт чыккан. 

Өрттү өчүрүүгө 2 өрт өчүрүү бөлүмү, алтын-кен ишканасынан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч жана 1 самосвал  тартылган. 

Тилсиз жоо саат 12:29да чектөөгө алынып, 20-октябрь күнү түнкү саат 01:35те толук өчүрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM