Биз менен байланышыңыз

26-октябрдан баштап Казакстан чет элдик аба каттамдарынын санын азайтат

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Окт 2020 | 521 | 0

26-октябрдан баштап Казакстан чет элдик аба каттамдарынын санын азайтат. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Чет өлкөдөн Казакстанга барган бардык жүргүнчүлөрдөн, айдоочулардан ПЧР-тест алынат.

19-октябрдан тарта Нур-Султан, Алматы шаарлары, Караганды, Жамбыл, Алматы, Павлодар, Батыш Казакстан, Чыгыш Казакстан, Акмоло, Костанай облустарында карантин чаралары күчөтүлдү.

Өлкөдө бала бакчалар, бильярд, компьютер клубдары, түнкү клубдар, банкет залдары, оюн-зоок борборлору жабык бойдон калууда.

Кинотеатрлар 26-октябрдан тарта залдагы орундардын 30%ы толгудай көрүүчүлөрдү кабыл алуу менен ишин баштайт. Киного келгендер аралыкты сактап, беткап тагынууга тийиш.

Комиссия отурумунда 25-октябрдан тартып «жашыл аймактарда» соода борборлору жана жабык базарлар да иштей турганы айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM