Биз менен байланышыңыз

УКМКга коррупциялык көрүнүштөр тууралуу кабарлаңыз (номурлар)

Кыска кабар | 19 Окт 2020 | 283 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ишеним телефону жана электрондук почтасы иштеп жатканын эске салат.

«Эгер сиз аткаминерлер же укук коргоо органдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөр же укук бузууга байланыштуу окуяга туш болсоңуз, төмөндөгү телефондор аркылуу кабарлаңыз. Ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча да кабарласаңыз болот», — деп айтылат маалыматта.

Ишеним телефондору:  (0312) 66-00-20 жана «aks.gknb@gmail.com» электрондук дареги.

Нөөмөт кызматынын телефону: (0312) 66-04-75.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун 16-октябрдагы буйругу менен Бекбосун Апсатаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары рангындагы Антикоррупциялык кызматтын директору болуп дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM