Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 20-октябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24;
Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +19…+24;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17;
Нарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +12…+17;
Бишкекте 20-октябрда жаан жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +22…+24.