Биз менен байланышыңыз

19-октябрь социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү

Кыска кабар | 19 Окт 2020 | 820 | 0

Кыргызстанда жыл сайын 19-октябрда социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү белгиленет.

2019-жыл социалдык башкаруу программасынын негизинде жана милдеттүү социалдык камсыздоо чөйрөсүндө иштеген кызматкерлердин  саны 5 миң 700 адамды түзгөн. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети билдирди.

Акыркы беш жылда мамлекеттик бюджеттен социалдык жактан коргоого бөлүнгөн каражаттын көлөмү жыл сайын көбөйүп турган жана 2019-жылы 32 млрд сомдон ашык болгон.

2019-жылы жалпысынан  Социалдык фонддун чыгымдары 2015-жылга салыштырганда 1,3 эсеге көбөйгөн. Тагыраагы, 53,5 млрд сомго жеткен. Ал акчанын 85 пайызы пенсия төлөөгө багытталган.

2019-жылдын аягына карата мамлекеттен жөлөк пул алуучулардын саны 402 миң адамды түзгөн. Анын ичинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү жөлөк пул алуучулардын саны 309 миң адам, социалдык жөлөк пул алуучулардын саны – 93 миң киши.

Пенсия алуучулардын саны 715 миң адамды түзгөн. Беш жыл ичинде дайындалган айлык пенсиялардын орточо өлчөмү 2015-жылы 4 896 сомдон, ал эми 2019-жылы 5 960 сомго чейин болду.

КМШ өлкөлөрүнүн арасында жаш курагы боюнча эмгек пенсиясынын эң көп өлчөмү Орусияда (216 доллар) жана Казакстанда (201 доллар), ал эми эң аз – Тажикстанда (35 доллар) жана Өзбекстанда (80 доллар) болуп белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM