Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 482 адам жаңы катталып, 127 бейтап сакайды

Кыска кабар | 19 Окт 2020 | 474 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 482 жаңы учуру катталды. Республикалык штабдын маалыматы боюнча, илдетти жугузуп алгандардын жалпы саны 52 миң 526га жетти.

— Бишкек — 73;
— Ош — 54;
— Чүй облусу – 14;
— Ош облусу — 93;
— Талас облусу — 7;
— Нарын облусу — 1;
— Ысык-Көл облусу – 8;
— Жалал-Абад облусу – 125;
— Баткен облусу — 107.

19-октябрга карата коронавирустан каза болгондор катталган жок. Пандемия башталгандан бери коронавирус 1111 адамдын өмүрүн алды.

Ооруканаларда 2550 бейтап дарыланып жатат, 2518 киши үй шартындагы дарыланууда.

Ошол эле акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 127 бейтап сакайды.

Бишкек шаары – 40;
Ош шаары – 10;
Чүй облусу – 6;
— Ош облусу – 41;
— Нарын облусу – 2;
— Талас облусу – 2;
— Ысык-Көл облусу – 1;
—  Жалал-Абад облусу – 14;
— Баткен облусу – 11.

Коронавирустан айыккандардын саны 45 миң 863кө жетти.

Copyright © 2017 Maral FM