Биз менен байланышыңыз

Бишкекте күндүзгү стационарлар даярдалды (даректери)

Кыска кабар | 19 Окт 2020 | 409 | 0

Кыргызстанда COVID-19 менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн Бишкек мэриясы күндүзгү стационарларды даярдады. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб кабарлады.

Ленин району:
№96 мектеп (Ак-Ордо ж/к) 30 койка-орундук;
№95 мектеп (Жал кичи району) 50 койка-орундук.

Биринчи май району:
№81 мектеп ( «Ак-Босого» ж/к, Профессор Зима көч, 262) 40 койка-орундук;
№69 мектеп (Айни көч, 13) 120 койка-орундук.

Октябрь району:
№39 мектеп (кичи район №6-4/1) 50 койка-орун;
№63 (кичи район №11-9/1) 40 койка-орун.

Свердлов району:
№4 мектеп (Атай Огомбаев көч, 207) — 50 койка-орундук;
№ 65 лицей — 60 койка-орундук.

Бишкек мэриясынын билдирүүсүнө караганда, кычкылтек концентраттары жетиштүү санда, керек болгон учурда стационарларга жеткирилип турат. Ошондой эле бардык стационарларда дары-дармектер жана жеке коргонуучу каражаттар камдалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM