Биз менен байланышыңыз

Сыймык Жапыкеев Финансы полициясынын төрагасы болду

Кыска кабар | 17 Окт 2020 | 1406 | 0

Сыймык Жапыкеев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров кол койгон. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматкери Анастасия Пискур тастыктады.

Жаңы төрага Сыймык Жапыкеев эмгек жамаатына тааныштырылды.

Финансы полициясынын буга чейинки төрагасы Бакир Таиров кызматтан алынган. Андан кийин Финполду Абдылдаев Сагынбек убактылуу жетектегени кабарланган.

Сыймык Жапыкеев парламенттик шайлоодо «Чоң казат» партиясы менен ат салышкан. Ал шайлоодон кийинки нааразычылык акцияларына активдүү катышкан.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM