Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүүдө коррупциялык схема аныкталды

Кыска кабар | 17 Окт 2020 | 1017 | 0

Бишкектеги жылуулук электр борборуна көмүр ташуу боюнча жооптуу кызматкерлердин коррупциялык схема түзүп алганы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек ЖЭБине «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы тарабынан көмүр жеткирүүдө ЖЭБдин жооптуу кызматкерлери мыйзамсыз акча чогултуунун коррупциялык схемасын түзгөн. Тактап айтканда, кызматкерлер көмүр казуучу компаниялар менен алдын-ала макулдашып алып, лабораториялардан көмүрдүн сапатын жарактуу деген тастыктама берип турушкан. Бул кызматы үчүн аларга акчалай сыйлык да ыроолонуп келген. Бул аракет жылуулук борбордун жабдууларынын эскиришине терс таасирин тийгизип, атмосферага булгоочу заттардын көбөйүшүнө алып келет.

Аталган факт боюнча, Кылмыш-жаза кодексинин 237-беренеси (Коммерциялык пара алуу) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары катталды.

Тергөө иштеринин алкагында бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка да адамдарды аныктоо аракети көрүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM