Биз менен байланышыңыз

Жаныбек Жалалов Баткен облусунун башчысы болду

Кыска кабар | 17 Окт 2020 | 951 | 0

Жаныбек Жалалов Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу облустук администрациянын басма сөз кызматы кабарлады.

Тийиштүү буйрукка 16-октябрда Премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон. Буга чейинки облус башчысы Алишер Абдрахманов кызматынан боштулган.

17-октябрда жаңы облус башчысын эмгек жамаатына премьер-министрдин кеңешчиси Арзыбек Бурканов тааныштырды.

Жаныбек Жалалов бул дайындоону чоң жоопкерчилик катары кабыл алып, облустун мындан аркы ар тараптуу өсүп-өнүгүшүнө болгон күчүн жумшаарын билдирди.

«Баткен облусу жөнөкөй аймак эмес, шарты катаал, эки өлкө менен чектешип турганы башка облустардан айырмалантып турат. Ошондуктан сиздердин жардамыңыздар менен бир топ иштерди алып барууга ишенем», — деди ал.

Жаныбек Жалалов буга чейин Баткен шаарынын мэри, өкүлчүлүктүн аппарат жетекчиси болгон. Мындан тышкары Жогорку Кеңеште да иштеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM