Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Криминалдык чөйрөнүн таасири токтойт

Кыска кабар | 17 Окт 2020 | 373 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Кыргызстандагы акыркы окуялар тууралуу кайрылуу жасап, криминалдар менен күрөшүү туурасында да айтты.

Ал кылмыш дүйнөсү басым-кысым жасаганды токтоторуна кепилдик берди.

Ошондой эле буга чейин айрым аймактарда бизнес иштеши үчүн криминалдын уруксаты керек болуп келген болсо, эми андай аракет жоюлуп, ишкерлер менен инвесторлорго өзгөчө шарттар түзүлөрүн билдирди.

Садыр Жапаров 5-октябрдагы окуялардан кийин абактан чыгарылды. Ал өкмөт башчылыкка бекитилип, Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткенден кийин президенттин милдетин аткаруучу кызматын аркалап калды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM