Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Саясий куугунтук болбойт

Кыска кабар | 17 Окт 2020 | 551 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Кыргызстандагы акыркы окуялар тууралуу кайрылуу жасап, быйыл улуттук аң-сезим жаңыланганын айтты.

Ал бул күндөрү Кыргызстан элинин, жаштардын интеллекти өскөндүгү, саясий көз карашы турукташкандыгы далилденди деп эсептейт.

«Бүгүн жалпы Кыргызстандын эли жөнүндө өзгөчө сөз айткым келет. 2020-жылдын күзү жаңы тарыхты – улуттук аң-сезимдин жаңыланган барактарын ачты. Ар түрдүү курактагы, ар башка улуттагы, ар түрдүү саясий көз караштагы адамдар мыйзамсыздыкка каршы, добуштарды сатып алууга, фальсификациялоого жана административдик ресурстарга каршы көтөрүлдү. Айрыкча Кыргызстан эли бир муштумдай биримдигин көрсөттү. Бул жеңиш — жалпы Кыргызстандын элинин жеңиши болду. Мамлекеттин талкаланышына, бөлүнүп-жарылуусуна жол берилген жок. Кан төгүлгөн жок, талап-тоноочулук болгон жок. Мамлекеттин бүтүндүгү сакталды. Тез аранын ичинде укуктук талаага кирдик», — деди Жапаров.

Ал саясатчыларга жана саясий партияларга кайрылып, өлкөнү түндүк-түштүк, уруу-уруу, айыл-айыл, тууган-туушкан деп бөлбөөгө чакырды. Ошондой эле башкы максаты – өлкөдө адилеттүүлүктү орнотуу, коррупция менен реалдуу күрөшүү экенин белгилейт.

Саясий куугунтуктоо мамилеси жасалбай турганына да убада берди.

«Мындан ары коррупция менен күрөшүү – саясий оппоненттердин көзүн тазалоонун инструменти болуудан калат. Саясий куугунтук дегенди менден ашык жон териси менен сезген саясатчы жоктур! Азыр да, көпчүлүк саясатчылар саясий мотивдер менен соттолгон. Бирок бүгүн аларга өздөрүнүн күнөөсүз экендигин ачык процесстерде далилдей турган мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Анткени сотторго жана прокурорлорго эч ким кысым көрсөтпөйт. Мунун баары адилеттүү, акыйкат, жаңы сот өндүрүшүнүн башталышы болуп калат», — деди Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM