Биз менен байланышыңыз

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынын өткөрөт

Кыска кабар | 16 Окт 2020 | 1290 | 0

Бүгүн, 16-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрөт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйын кечки саат 18.30да УКМКнын имаратында өтөт.

Өкмөт башчы Садыр Жапаров өзүнүн досу, «Мекенчил» партиясынын лидери, мурдагы депутат Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы кылып дайындады. Маалыматтарга караганда, Ташиев эмгек жамаатына тааныштырылды.

Мындан тышкары, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы болуп Бекбосун Апсаттаров дайындалды. Анын биринчи орун басары Рустам Мамасадыков болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM