Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков жума намазын Жалдагы мечитте окуду

Кыска кабар | 16 Окт 2020 | 1054 | 0

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда Жума намазды Жал кичирайонундагы мечитте окуду. Бул тууралуу ошол учурду видеого тартып алган «Короче» телеграм-каналы кабарлады.

Бул кабар президенттик аппараттан расмий тастыктала элек. Бирок видеодо Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында тагынып жүргөн галстугун көрүүгө болот. Анын жанында жансакчылары жана депутат Канатбек Исаев бар.

16-октябрда Жогорку Кеңеш «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, ага Сооронбай Жээнбеков менен өкмөт башчы Садыр Жапаров катышты. Депутаттар президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын кабыл алды.

Парламент төрагасы Канатбек Исаев Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүүгө кан төгүлбөсүн деген максатта барганын айтып, анын экс-президент катары мыйзамда каралган бардык артыкчылыктары камсыздалышы зарылдыгын билдирди.

Исаев ошондой эле президенттин милдетин аткаруудан расмий түрдө баш тартты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM