Биз менен байланышыңыз

Бишкектин аймагына киргизилген «өзгөчө абал» жокко чыгарылды

Кыска кабар | 16 Окт 2020 | 354 | 0

Бүгүн, 16-октябрда Бишкек шаарынын аймагына киргизилген өзгөчө абал жокко чыгарылды. Мындай чечимди Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар кабыл алды.

Президенттин Жарлыгына ылайык, Бишкек шаарынын аймагына 12-октябрдан 19-октябрына чейин өзгөчө абал киргизилген эле.

Жогорку Кеңеш «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, ага президент Сооронбай Жээнбеков менен өкмөт башчы Садыр Жапаров катышты.

Бүгүн күн тартибинде үч маселе — президенттин отставкасын кабыл алуу, ага байланыштуу президенттин милдеттерин жана ыйгарым укуктарын убактылуу аткара турган адамга өткөрүп берүү, депутаттык мандатын кайтарып алган Өмүрбек Текебаевдин ант берүүсү каралды.

Президент Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда өлкөдөгү коомдук-саясий абалга байланыштуу отставкага кетерин айткан.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM