Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин жыйынына Жээнбеков менен Жапаров катышууда

Кыска кабар | 16 Окт 2020 | 354 | 0

Жогорку Кеңеш «Ала-Арча» мамлекеттик резиденцияда кезексиз жыйынга чогулду. Бүгүнкү жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков менен өкмөт башчы Садыр Жапаров катышууда.

Бүгүн күн тартибинде үч маселе каралат — президенттин кызматтан кетүүсү, ага байланыштуу президенттин милдеттерин ким аткарары, депутаттык мандатын кайтарган Өмүрбек Текебаевдин ант берүүсү.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүнкү жыйында Жээнбеков сөз сүйлөшү күтүлүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда өлкөдөгү коомдук-саясий абалга байланыштуу отставкага кетерин айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM