Биз менен байланышыңыз

Президенттик жана парламенттик шайлоо качан өтүшү керек?

Кыска кабар | 15 Окт 2020 | 768 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда өлкөдөгү коомдук-саясий абалга байланыштуу отставкага кетерин айтты. Жаңы президент шайлангыча анын милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы аткарып турат. Эгер ал аткара албаса, бул милдет өкмөт башчыга же анын милдетин аткаруучуга жүктөлөт.

Президенттин отставкасынан кийин Конституция менен мыйзам жолунан чыкпоо үчүн кандай кадамдарды тез арада аткаруу керек? Бул суроого Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова жооп берди.

  1. Жогорку Кеңештин спикери Канатбек Исаев президенттин милдетин аткаруучу катары калат. Ал Конституциянын 64-беренесинин, 5-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык, БШКнын президенттик квота менен келген 4 мүчөсүн — Нуржан Шайлдабекова, Алмаз Асаналиев, Гүлнара Баатырова, Бахтияр Кадыровду кызматынан бошотуу боюнча сунушту Жогорку Кеңешке киргизет, алардын ордуна 4 жаңы талапкер көрсөтүлүшү керек.
  2. Жогорку Кеңеш 21-октябрга чейин БШКнын курамын бекитиши шарт.
  3. Боршайком 22-октябрдан кеч калбай, Жогорку Кеңештин депутаттарын кайрадан шайлоону 20-декабрга дайындашы керек.

(Жогорку Кеңештин 5 жылдык иштөө мөөнөтүн сактоо үчүн, Конституциянын 70-71-беренелери, конст.мыйзам 38, 63 -беренелери).

  1. 4. Парламент 22-октябрдан кечиктирбей мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүнүн күнүн белгилеши керек, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү 17-январга дайындалышы зарыл.

Белгилей кетүүчү жагдай, президенттин милдетин аткаруучу болгон адам президенттик шайлоого катыша албайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM