Биз менен байланышыңыз

Аскат Эгембердиев Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси болду

Кыска кабар | 15 Окт 2020 | 518 | 0

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигине Аскат Эгембердиев дайындалды. Тийиштүү буйрукка 13-октябрда өкмөт башчы Садыр Жапаров кол койгон. Бул тууралуу мекеменин сайтына жарыяланды.

Аскат Эгембердиев буга чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

ЖАМКны буга чейин Мелис Турганбаев башкарды. Ал 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого «Замандаш» партиясы менен катышкан.

Аскат Эгембердиев 1968-жылы Бишкек шаарында туулган, жогорку билимдүү. 1993-жылдын 30-ноябрынан баштап ички иштер органдарында кызмат өтөй баштаган.

Ал Жаза аткаруу тутумунда 1996-жылдан бери иштеп келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM