Тилек Матраимов үй камагына чыгарылганы айтылып жатат. Бул тууралуу Ош облустук сотуна таянып, маалымат каражаттары жазууда.
Буга чейин Тилек Матраимов соттун чечими менен УКМКнын Ош аймагындагы тергөө абагына 9-ноябрга чейин камалган эле.
13-октябрда Ош облустук соту Матраимовдун жактоочусунун арызын карап, канааттандырган.
Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов 6-октябрда Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын кесип өтүүгө аракет кылганда өзбек чек арачылары тарабынан кармалган.
УКМК мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысынын негизинде сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.
9-октябрда өзбек чек арачылары Матраимов жана аны менен кошо кармалган эки жаранды кыргыз тарапка өткөрүп беришкен.