Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулат

Кыска кабар | 15 Окт 2020 | 494 | 0

Эртең, 16-октябрь күнү «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Депутаттар президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын карашат. Жыйын саат 10:00дө башталат.

15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын жарыялады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM